2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер башталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния жана Венгриядан жалпысынан 19 спортчу катышты. Балбандар 60, 70 жана 80 килограммга чейинки үч салмак категориясында күч сынашты.
Жыйынтыгында төмөнкү спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту:
60 кг чейин:
1-орун — Керим Нурталап (Казакстан)
2-орун — Адахан Байышев (Кыргызстан)
3-орун — Жаныбек Абилгажи (Монголия)
3-орун — Тан Курманакаев (Орусия)
70 кг чейин:
1-орун — Сайлау Мухаммед (Казакстан)
2-орун — Акыл Сагынбеков (Кыргызстан)
3-орун — Исмаил Амангелдиев (Орусия)
3-орун — Мелис Наурызбек (Монголия)
80 кг чейин:
1-орун — Райкан уулу Бакныс (Кыргызстан)
2-орун — Расул Курайыш (Казакстан)
3-орун — Нодир Жунадилаев (Өзбекстан)
3-орун — Умиртай Йеркинбек (Монголия)
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар да тапшырылды. 1-орундун ээлерине 100 миң сомдон, 2-орунга 80 миң сомдон, ал эми 3-орунду ээлеген спортчуларга 60 миң сомдон берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандык Райкан уулу Бакныс 80 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медаль утуп, өлкө намысын татыктуу коргоду.

