Башкы беткеМинистрлер кабинети“Бала ырысы” жөлөк пулун 470 миңге жакын бала алат

“Бала ырысы” жөлөк пулун 470 миңге жакын бала алат

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы “Бала ырысы” жөлөк пулу төлөнө баштайт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов билдиргендей, жаңы жөлөк пулду өлкө боюнча 470 миңге жакын бала алаары күтүлүүдө. Алгачкы эки-үч айда жөлөк пул алуу үчүн кайрылгандардын саны көп болуп, техникалык жүктөмдөр жаралышы мүмкүн экени белгиленди.

Жаңы тартипке ылайык, үч жашка чейинки ар бир балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан ай сайын 1200 сомдон төлөнөт. Жөлөк пул бала төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин берилет.

“Бала ырысы” жөлөк пулу ата-энеси тиешелүү арыз менен кайрылган учурда дайындалат. Эгер бир учурда эки же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага өзүнчө төлөм жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, бул жөлөк пул 2023-жылдын 1-августунан кийин төрөлгөн балдарга каралган.

Өкмөт 2026-жылы аталган программа үчүн республикалык бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлүүнү пландап жатат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдары үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулу төлөнүп келет. Анын өлчөмү дагы 1200 сомду түзөт. Бирок бул жардамды алуу үчүн үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө туура келген киреше 1000 сомдон ашпоого тийиш.

Жаңы “Бала ырысы” программасы киреше деңгээлине карабастан бардык балдарды камтууга багытталган социалдык колдоо чарасы катары бааланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар