VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында Кырчын жайлоосунда ИИМдин Ички аскерлеринин атайын жабдылган «Аска» көчмө башкаруу борбору кызмат өтөөдө.
Атайын унаа иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди ыкчам аткарууга, кызмат өтөөгө тартылган күчтөрдүн иш-аракеттерин координациялоого жана түзүлгөн кырдаалга жараша тиешелүү чечимдерди өз убагында кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Учурда «Аска» көчмө башкаруу борбору аркылуу Кырчын жайлоосундагы жалпы кырдаалга онлайн видеокамералардын жардамы менен туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, коомдук тартипти сактоого тартылган кызматкерлердин өз ара байланышы жана биргелешкен иш-аракети камсыздалып, кырдаалга ыкчам баа берүү жана зарыл учурда тиешелүү чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Мындай чаралар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган.

