2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Көк-Бөрү» аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдеш өттү.
Беттештерге 8 өлкөдөн келген 19 спортчу катышып, үч салмак категориясында күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүчө аныкталды.
60 кг чейинки салмакта:
- 1-орун — Керим Нурталап (Казакстан);
- 2-орун — Байышев Адахан (Кыргызстан);
- 3-орун — Авилгай Жанибек (Монголия);
- 3-орун — Курманкаев Тан (Россия).
70 кг чейинки салмакта:
- 1-орун — Сайлау Мухаммед (Казакстан);
- 2-орун — Сагынбеков Акыл (Кыргызстан);
- 3-орун — Амангелдиев Исмай (Россия);
- 3-орун — Мелис Наурызбек (Монголия).
80 кг чейинки салмакта:
- 1-орун — Райхан У Бакнус (Кыргызстан);
- 2-орун — Расул Курайыш (Казакстан);
- 3-орун — Жунадиллаев Нодир (Өзбекстан);
- 3-орун — Еркинбек Умиртай (Монголия).
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө 100 миң сом, күмүш медаль ээлерине 80 миң сом, ал эми коло байге алгандарга 60 миң сомдон акчалай сыйлык берилет.
