Түштүк Кореяда расмий иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган Кыргызстандын жарандарына мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөр берилүүдө.
Маалыматка ылайык, учурда Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматына пенсиялык топтомолорду кайтарып алуу үчүн 152 кыргызстандык кайрылган. Алардын 140ына төлөм дайындалып, акчасы толугу менен берилди. Калган 12 жарандын арызы боюнча чечим чыга элек.
Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 585 АКШ долларын түзгөн.



