Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү диктор Тамара Жаманбаева акыркы сапарга узатылды.
Маркум менен коштошуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, кесиптештери, шакирттери, замандаштары жана жакындары катышты.
Тамара Жаманбаева Кыргыз телевидениесинин алгачкы дикторлорунун бири болгон. Ал 28-сентябрда узакка созулган оорудан кийин 82 жашында дүйнөдөн кайткан.



