Башкы беткеСаясатЖаңы дайындалган жетекчилер Жогорку Кеңеште ант беришти

Жаңы дайындалган жетекчилер Жогорку Кеңеште ант беришти

Бүгүн, 9-сентябрда, жаңы дайындалган министрлер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматка киришер алдында Жогорку Кеңеште ант беришти. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.

Ант бергендердин арасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, финансы министри Руслан Сүйүналиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев, энергетика министри Алтынбек Рысбеков, юстиция министри Алмаз Айылчиев жана УКМК төрагасы Максат Асаналиев бар.

Буга чейин парламент Алмаз Имангазиев менен Алмаз Айылчиевди министрлик кызматтарга, Малик Бектургановду башкы прокурорлукка дайындоого макулдук берген.

Жетекчилердин айрымдары кызматка мурда дайындалган. Бирок Жогорку Кеңеш жайкы каникулда болгондуктан, ант берүү аземи бүгүн өттү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар