Башкы беткеДүйнөApple биринчи бүктөлмө смартфонун тааныштырды

Apple биринчи бүктөлмө смартфонун тааныштырды

“Apple” компаниясы өзүнүн тарыхындагы биринчи бүктөлмө смартфонун “iPhone Duo” моделин тааныштырды. Бул тууралуу компаниянын маалыматына таянуу менен Казинформ жазды.

Жаңы смартфон эки экран менен жабдылган. Тышкы дисплейинин өлчөмү 5,4 дюйм болсо, аппарат ачылганда ички экраны 7,6 дюймга жетет. Компаниянын маалыматы боюнча алардын тарыхындагы эң чоң экран болуп саналат.

Смартфон A20 Pro процессору менен иштеп, бүктөлмө түзмөктөргө ылайыкташтырылган iOS 27 операциялык системасы колдонулган.

iPhone Duo Star White жана Night Sky түстөрүндө чыгарылат. АКШ рыногунда анын баасы 1 999 доллардан башталат.

Алдын ала буйрутмалар 16-октябрда ачылып, смартфон 23-октябрдан тарта сатыкка чыгат.

Эске салсак, “Apple” буга чейин iPhone 18 Pro жана iPhone 18 Pro Max моделдерин да тааныштырган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар