Россияда күйүүчү май тартыштыгынан улам 26 аэропортто учактарга май куюуга чектөө киргизилди. Чектөөлөр Калининграддан Петропавловск-Камчатскийге чейинки аба майдандарында колдонулууда. Маалыматка караганда, айрым аэропорттордо учактарды учуу планына ылайык гана май менен камсыз кылууга уруксат берилсе, 15 аэропортто чектөө чет элдик авиакомпанияларга гана тиешелүү. Мындай учурда күйүүчү май бир гана каттамга жеткидей көлөмдө берилет.
Россиянын түштүгүндө да абал курч. Сочи, Волгоград жана Астрахань аэропортторунда чектөө жергиликтүү жана чет элдик авиакомпанияларга тең киргизилген. Краснодарда мындай чара чет элдик ташуучуларга тиешелүү.
Күйүүчү май кризиси украиналык дрондордун Россиядагы мунай иштетүүчү заводдорго соккуларынан кийин күчөгөн. Быйыл өлкөдөгү мунай иштетүүчү ишканаларга 70тен ашык чабуул жасалганы, анын айынан айрым ири заводдордун иши үзгүлтүккө учураганы айтылууда.
Россиянын өкмөтү 30-ноябрга чейин авиациялык күйүүчү майды экспорттоого тыюу салган. Ошого карабастан, өлкөдө авиакеросиндин баасы биржада тарыхый жогорку көрсөткүчкө жеткен.



