Башкы беткеИлимКытайда кыргыздардын байыркы тарыхына арналган жаңы илимий китеп жарык көрдү

Кытайда кыргыздардын байыркы тарыхына арналган жаңы илимий китеп жарык көрдү

Кытайда «Жянкүндөн бурутка чейин: кыргыздын байыркы тарыхы боюнча изилдөөлөр» аттуу илимий эмгек жарык көрдү. Бул тууралуу китепти түзүүчүлөрдүн бири, Кытай тарых изилдөө академиясынын башкы илимий кызматкери Сун Хао билдирди.

Эмгекте кытайдын байыркы жазма булактарындагы кыргыздардын ата-бабалары тууралуу маалыматтар системалаштырылып, ар кайсы доорлордо колдонулган «Гэкунь», «Жянкүн», «Чигу», «Жегу», «Хыгус» жана башка этнонимдер талданат.

Авторлордун белгилешинче, бул аталыштардын басымдуу бөлүгү кыргыздардын өзүн-өзү атаган Qïrqïz (Kyrgyz) этнониминин кытай иероглифтери аркылуу тарыхый транскрипцияланышынан келип чыккан.

Китепте Енисейден Алтайга, Теңир-Тоого чейинки аймактардагы кыргыздардын тарыхый көчүүлөрү, бөлүнүп-топтошуусу жана Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштардагы орду кытай тарыхый булактарынын негизинде каралат.

Изилдөөнүн негизги максаты — кыргыздардын байыркы тарыхын кытай тилдүү жазма булактардын негизинде системалуу түрдө изилдеп, эки элдин орток тарыхый-маданий мурасын көрсөтүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар