АКШнын Өкүлдөр палатасы Орусияга каршы кеңири санкцияларды киргизүүнү караган мыйзам долбоорун жактырды. Документ 262 депутаттын добушу менен колдоого алынып, 159 депутат каршы добуш берген. Буга чейин мыйзам долбоорун Сенат 86 добуш менен колдоп, 11 сенатор каршы чыккан.
АКШ президенти Дональд Трамп мыйзам долбооруна кол коюуга даяр экенин билдирген.
Санкциялар Орусиянын энергетика жана коргонуу тармактарына, президент Владимир Путинге жана анын жакын чөйрөсүнө, ошондой эле Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө колдонулган «көмүскө флотко» багытталат.
Документте Орусиядан ири көлөмдө мунай жана газ сатып алууну уланткан өлкөлөргө, анын ичинде Кытай менен Индияга, 100 пайызга чейин бажы төлөмдөрүн киргизүү укугун президентке берүү каралган.
Мыйзам долбоорун талкуулоодо айрым америкалык демократтар президентке тариф саясаты боюнча кеңири ыйгарым укуктар берилишине каршы чыгышкан. Ошол эле учурда Өкүлдөр палатасындагы демократтардын көпчүлүгү документти колдошкон.
Украина мыйзам долбоорунун кабыл алынышын кубаттады. Ал эми Индия Орусиядан мунай сатып алууну улантарын билдирди.
Мыйзам ошондой эле Орусиянын аскердик аракеттерине колдоо көрсөткөн компанияларга жана чет өлкөлүк түзүмдөргө карата чараларды камтыйт. Документ эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.



