Башкы бетке∅"Тазалык" муниципалдык ишканасынын автопаркы жаңыланды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын автопаркы жаңыланды

Бишкек шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасына 22 даана жаңы атайын техника тапшырылды.

Жаңы техникалардын курамында таштанды ташуучу унаалар жана кызматтык автоунаалар бар. Алар шаарды санитардык жактан тазалоону күчөтүп, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, Минск шаарынан дагы 3 даана атайын техника 15-октябрга чейин жеткирилери күтүлүүдө.

Жаңы унаалардын кошулушу менен «Тазалыктын» атайын автотранспортунун жалпы саны 400дөн ашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар