Токмокто төрөлгөн өзбек жазуучусу Хамид Исмаилов 2026-жылдагы Нобель адабият сыйлыгына мүмкүн болгон талапкерлердин арасында аталууда.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жазуучунун теги кыргыз экенин, адыгине уруусунун бөрү уругунан чыкканын белгилеген.
Исмаиловдун чыгармаларында Токмоктогу кыргыз, өзбек жана орус тилдүү чөйрө да чагылдырылган.
Нобель комитети талапкерлердин расмий тизмесин 50 жыл бою ачыкка чыгарбайт. Лауреат октябрь айында жарыяланат.



