Өткөн жумада социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштарды, асыресе карама-каршы ой-пикирлерди жараткан, сценарийин Каныбек Иманалиев баштаган топ жазган, режиссер Таалайбек Кулмендеев тарткан “Жусуп” толук метраждуу көркөм-тарыхый тасмасын атайы барып көрдүм.
Аталган тарыхый-көркөм тасмасы тууралуу сөз кылаардан мурда, Жусуп Абдрахманов жана ал жашаган доор тууралуу азыноолак айта кетсем. Бул кинорежиссердун жана киносценаристтин эмгегине калыс баа берүү үчүн өтө маанилүү.
Жусуп Абдрахманов (1901–1938) — азыркы Кыргызстандын заманбап улуттук мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө эң чоң салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер. Ал 1927–1933-жылдары Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы (азыркыча айтканда Өкмөт башчысы) кызматын аткарып, жаш республиканын экономикалык жана социалдык пайдубалын түптөгөн.
Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев баштаган улуу-кичүү муундагы замандаштары менен бирге 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу областын, кийинчерээк Кыргыз АССРин түзүү демилгесин көтөрүп, аны ишке ашырган. Ал кыргыз элинин өз алдынча союздук республика болушу керектигин Москва деңгээлинде тайманбай коргогон.
1931–1933-жылдары СССРде, өзгөчө Казакстанда жана Поволжьеде массалык ачарчылык болгондо, И. Сталиндин жана Борбордун Дан даярдоо планын аткаруудан баш тартпаса да, жергиликтүү эгинди борборго өткөрбөй алып калып, коңшу Казакстандан качып келген жүздөгөн миң казак туугандарды ачарчылык өлүмүнөн сактап калган.
Анын жетекчилиги астында Кыргызстанда алгачкы өнөр жай ишканалары, жолдор, мектептер курулуп, маданий-агартуу мекемелери ачылган.
Ал ошол кездеги саясий элитанын ичинен сейрек кездешкен теңдешсиз интеллектуал болгон. Анын калтырган белгилүү “Күндөлүгүндө” Борбордун сокур саясаты, Сталиндин катачылыктары жана өлкөнүн келечеги тууралуу ачык, аналитикалык ойлору жазылган.
1933-жылы Борбордун буйругун аткарган эмес жана “улутчул” деген айып менен кызматынан бошотулуп, партиядан чыгарылган. 1937-жылы камакка алынып, жасалма “Социал-Туран партиясынын жетекчиси” катары айыпталган. 1938-жылы 5-ноябрда сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, Чоң-Ташта атылган (сөөгү кийин “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлган).
Жусуп Абдрахманов — кыргыз элинин кызыкчылыгын өз өмүрүнөн жогору койгон, эр жүрөк, көрөгөч жана мамлекетчил инсан катары тарыхта түбөлүккө калды.
Ал эми Жусуп Абдрахманов жашаган мезгил – өткөн кылымдын 1920–1930-жылдары Кыргызстандын тарыхындагы эң окуялар кайнаган, ошол эле учурда карама-каршылыктуу жана кайгылуу доорлордун бири. Бул мезгилде улуттук мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү, маданий революция менен катар эле сталиндик репрессиялар жана советтик тоталитардык системанын толук калыптанышы орун алган.
Бул жылдары совет бийлиги коомдук түзүлүштү түп тамырынан бери өзгөртүү саясатын жүргүзгөн. Социалдык тармакта олуттуу да, позитивдүү өзгөрүүлөр орун алган. 1930-жылдардын экинчи жарымы кыргыз элинин тарыхындагы эң кандуу мезгил болду. 1920–1930-жылдар Кыргызстан үчүн бир жагынан улуттук аймактык автономияга жетишүү жана заманбап билим берүү системасын куруу мезгили болсо, экинчи жагынан кандуу репрессиялар жана тоталитардык репрессивдүү режимдин калыптануу доору катары тарыхта калды.
Мына ошол азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгү жаралып, улуттук аң-сезимде революциялык өзгөрүүлөр болуп жаткан, ары карама-каршылыктарга жык толгон мезгилди жана Жусуп Абдрахмановдун өмүр тагдыры аркылуу мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөн инсандардын өмүр жолуна кайрылган ири масштабдуу долбоорду алып чыккан режиссер Таалайбек Кулмендеевди жана жазуучу Каныбек Иманалиев баш болгон сценаристтер тобун, чыгармачыл жамаатты «Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасы менен куттуктап койсок туура болчудай.
Себеби, каалайбызбы же жокпу, тарыхый инсанды жана ал жашаган тарыхый доорду тасмага түшүрүү биз ойлогондон жана биз күткөндөн алда канча оор экени айтпаса да түшүнүктүү.
Фильм көрүүчүлөргө тартуулангандан бери кыска аралыктын ичинде коомчулукта, маданий чөйрөдө кызуу талкууларды жаратып, кыргыз киносундагы сценарий менен режиссуранын өз ара катышы тууралуу маанилүү суроолорду күн тартибине чыгарганы көп нерседен кабарлап турат. Демек, эч кимибиз улуттук кинонун бүгүнкүсүнө жана эртеңкисине, дегеле улуттук кинонун тагдырына кайдыгер эмес экенбиз.
Соңку жылдары кыргыз кинематографиясы кайра жаралуу доорун баштан кечирүүдө. Анын ичинде тарыхый кино жаратууга аракеттер болуп, улуттук эс-тутумду аластап, көз карандысыздыктын башатында тургандардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу багытында бир катар олуттуу эмгектер жаралып жатканы кубандырат.
«Жусуп» тасмасынын экранга чыгышы — улуттук маданиятыбыздагы чоң окуя. Бул саясий-интеллектуалдык драмада тарыхый инсандын бейнесин ачууда негизги басым ички психологияга, саясий-интеллектуалдык кагылышууларга, кабинеттик курч талаштарга жана идеологиялык тирешүүлөргө жасалган. «Жусуп» тасмасы көрүүчүнү интеллектуалдык ойлонууга, тарыхый фактыларды анализдөөгө чакырат. Режиссердук айрым бир академикалык мүчүлүштүктөрүнө карабастан, «Жусуп» көркөм тасмасынын кыргыз улуттук кинематографиясы үчүн мааниси өтө чоң. Биринчиден, бул тасма кыргыз улуттук кино өнөрүндөгү жаңы жанрдык багыт. Тасма кыргыз киносунда сейрек кездешкен саясий-интеллектуалдык драма жанрын өнүктүрүүгө олуттуу кадам жасады. Улуттук интеллигенциянын, алаш-ордочулардын жана азыркы кыргыз мамлекеттүүлүктүн негизин түзгөн замандаштарыбыздын образын системалуу түрдө экрандаштыруунун жаңы стандартын белгиледи. Бул долбоор келечектеги кинематографисттер үчүн тарыхый материалдар менен иштөөдө драмалык балансты кантип сактоо керектиги боюнча маанилүү профессионалдык тажрыйба жана сабак болгону менен да баалуу.
Бул тасма азыркы жаштарга мамлекеттүүлүк жөн жерден пайда болбогонун, ал Абдрахманов сыяктуу залкарлардын каны, мээнети жана өмүрү менен түптөлгөнүн көрсөтүп, мекенчилдик сезимдерди ойготкону жана бул сезимди жаратканы менен тарыхтан өз ордун табат.
Фильм жөн гана өмүр баянды тизмектеп койбойт. Ал көрүүчүгө: «Мамлекет деген эмне? Эл үчүн башты саюу кандай болот? Эркиндиктин баасы канча?» деген түбөлүктүү суроолорду коёт. Жусуптун тагдыры аркылуу улуттук интеллигенциянын бүтүндөй бир муунунун трагедиясы жана улуулугун көз алдыга тартат.
Көркөм кино жаратуу жеңил түйшүк эмес. Бул ага кеткен каражат менен эмес, ага жумшалган интеллектуалдык эмгек, өнөр адамдарынын чыгармачылык изденүүсү менен бааланганы дурус. Интеллектуалдык эмгек менен чыгармачылык изденүүнү акча менен баалап мүмкүн эмес.
Ооба, көркөм тасма эки башка искусство ээсинин: киносценарист менен кинорежиссердун чыгармачылык тандеминен жаралат. Сценарист — фильмдин архитектору. Ал окуянын логикасын, каармандардын мүнөзүн, чыңалуунун туу чокусун (кульминациясын) жана идеологиялык мазмунун кагазга түшүрөт. Жакшы сценарийсиз жогорку сапаттагы тасманы тартуу мүмкүн эмес. Бирок сценарий — бул али кино эмес, ал болгону адабий долбоор. Ал эми режиссер — тасманын жаратуучусу жана автору. Кино — сөздүн эмес, эң биринчи иретте сүрөттүн, визуалдык композициянын, эмоциянын жана ритмдин искусствосу. Режиссер кагаздагы жазууну актердук оюн, оператордук иш, жарык, музыка, монтаж жана атмосфера аркылуу тирүү дүйнөгө айлантат. Голливуд классиктери айткандай: «Начар сценарийди канчалык мыкты режиссер болбосун сактап кала албайт, бирок эң сонун сценарийди начар режиссура таптакыр талкалап коюшу мүмкүн».
Ошондуктан, тарыхый тасмада сценарист фактылык тактыкты камсыз кылса, режиссер ошол фактыны таза кинематографиялык эмоцияга которууга милдеттүү. Тарыхый тасма, анын ичинде “Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасы тууралуу сөз кылганда, мына ушуларды эске алганыбыз дурус.
Каныбек Иманалиев сценарист катары Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун көп жылдар бою кылдат изилдеп, тарыхый инсандын бейнесин ачууда документтер менен тыкыр иштегени – архивдик документтерди тирилтип, тарыхый чындыкты көркөм драматургиянын тилине жогорку чеберчилик менен которо алганы дароо көзгө урунат. Натыйжада, каармандардын диалогдору турмуштагыдай реалдуу жана Жусуп Абдрахмановдун сөздөрү олуттуу, элестүү чыккан. Мунун өзү чыныгы мамлекеттин ишмердин бейнесин ачууга сөзсүз салымын кошору талашсыз. Сценарийде маселе жок, анын ар бир сөзү, ар бир эпизоду менен улуттук аң-сезимди ойготуп, мамлекеттүүлүктүн наркын көрсөткөн чыныгы агартуучулук миссияны аткаруу үчүн жеткиликтүү жазылганы көрүнүп турат.
Өз кезегинде, кинорежиссер Таалайбек Кулмендеев да автордук жана драмалык кино жаатында бай тажрыйбасы бар режиссер болгондуктан, доордун духун, ошол кездеги кийимдерди, имараттарды жана интерьерди так чагылдырууга олуттуу көңүл бурган. Абдан аракеттенген. Т.Кулмендеев өзүнүн режиссёрдук туюму, эстетикалык көз карашы жана кинематографиялык тили менен окуяны абстракттуу сөздөрдөн куткарып, аны визуалдык гармонияга, драмалык атмосферага айландырган.
Албетте, ийгилик бар жерде кемчиликтер да сөзсүз болот, режиссер Таалайбек Кулмендеев оор драматургиялык текстти визуалдык метафоралар менен жеңилдетүүдөн тайсалдап, сценарийдин артынан ээрчип кеткен эпизоддор жок эмес. Фильмдин басымдуу бөлүгү жабык имараттардагы сүйлөшүүлөрдөн турат. Ошондон улам, айрым эпизоддор созулуп, тасма көркөм драмадан караганда «визуалдаштырылган тарых сабагына» жакындап калган.
Эми актерлорго келсек, тарыхый сүрөттөрдөн жана архивдерден белгилүү болгондой, Жусуп Абдрахманов билимдүү, интеллигенттүү жана сырткы келбети да өтө сыпайы инсан болгону белгилүү. Актер бул сапаттарды мыкты өздөштүргөн — анын мимикасы, токтоолугу, өзүн кармашы жана тике караган көз карашы Абдрахмановдун чыныгы мүнөзүн ишенимдүү бере алган. Абдрахмановдун аристократиялык образын актердук ийгилик катары белгилесек болот. Абдрахмановдун интеллектуалдык дарамети, сырткы сыпайылыгы, терең билимдүүлүгү жана ички майтарылбас эрки экранда абдан ишенимдүү чыккан. Актер орус жана кыргыз тилдериндеги саясий дипломатиялык диалогдорду жогорку маданиятта алып чыккан. Жусуп Абдрахмановдун чыныгы аристократиялык келбети, сыпайылыгы, терең интеллекти экрандан кадимкидей байкалат, көрөрманга абдан таасир берет. Актер каармандын ички эрки менен майтарылбас кайратын кыйкырык-өкүрүксүз эле, көз карашы, токтоо кыймыл-аракети жана үнүнүн тембри менен жеткире алган.
Тасманы тартуу тобу 1920-1930-жылдардагы СССРдин жана Кыргызстандын турмушун кайра жаратууда зор эмгек кылган. Кийим-кечелер, мекемелердин ички жасалгасы, архивдик документтердин көчүрмөлөрү, жада калса ошол кездеги майда реквизиттерге чейин кылдаттык менен тандалган. Оператордук иш ар бир кадрга сүрөтчү сыяктуу мамиле жасап, экранга эстетикалык сулуулук берген.
Тасмада Ж.Абдрахмановдун жеке тагдыры, ички кайгысы, үй-бүлөсү жана сүйүү линиясы саясий монологдордун көлөкөсүндө калып кеткендей. Бул актердун эмоционалдык диапазонун толук ачууга тоскоол болгон.
Жыйынтыктап айтканда, “Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасы жөн гана өткөн доордун хроникасы же тарыхый инсанга арналган кинематографиялык шилтеме эмес. Бул улуттук аң-сезимдин ойгонуусуна, мамлекеттүүлүктүн баасы менен жоопкерчилигине багытталган олуттук маданий-философиялык кадам.
Албетте, тарыхый чындык менен экрандык искусствонун ортосунда тең салмактуулукту табуу качан да болсо татаал. Каныбек Иманалиевдин сценарийиндеги архивдик тактык менен режиссер Таалайбек Кулмендеевдин эстетикалык көз карашынын тандеминде жаралган бул эмгекте айрым бир мүчүлүштүктөр орун алганын эстебегенде, ал кыргыз киносунда саясий-интеллектуалдык драма жанрынын пайдубалын түптөй алды десек болот. Эң башкысы — тасма өзүнүн башкы миссиясын аткарды: ал көрүүчүгө даяр, жеңил-желпи массалык шоуну эмес, ойлонууга, анализдеп таразалоого жана улуттук намысты ойготууга түрткү берген терең мазмунду тартуулады.
Жусуп Абдрахманов өмүрүн сайган заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгү — бүгүнкү биздин эң ыйык дөөлөтүбүз. Ал эми анын каны, мээнети жана интеллекти менен түптөлгөн ушул тагдырды экранга чыгаруу аркылуу авторлор келечек муунга баалуу сабак калтырышты. Анткени Жусуптун тагдыры — бул улуттун тагдыры. Улуттук кинематографиябыз ушундай салмактуу, изденген жана улуттук рухту бийиктеткен тарыхый тасмалар менен байый берерине ишеним чоң.
Ал эми соцтармактардагы сындар тууралуу айтсак, “Жусуп” тарыхый-көркөм тасмасын “туула электе”, калктын калың катмарына жете электе эле анын баш каарманындай кылып атып салбасак деген ой.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.



