Башкы беткеСаясатКыргызстандын БУУдагы үнү

Кыргызстандын БУУдагы үнү

Айрым окуялардын – ошол  болгон күнү эмес, жылдар өткөндөн кийин гана өзгөчө мааниси түшүнүктүү боло баштайт. Менин пикиримде, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы дал ушундай окуяларга кирет.

2026-жылдын 3-июнунда Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланды. Биздин өлкө үчүн бул жөн гана дипломатиялык ийгилик же эл аралык аброюн арттыруу маселеси эмес. Бул таптакыр башка деңгээлдеги жоопкерчиликке өтүү дегенди билдирет. Эки жыл бою Кыргызстан БУУнун Уставы тарабынан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негизги жоопкерчилик жүктөлгөн башкы эл аралык органдын ичинде болот.

Чакан мамлекет үчүн бул сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүк. Бирок ошол эле учурда олуттуу сыноо.

Дипломатияда үстөлдөн орун алуунун өзү эле азырынча эч нерсеге кепилдик бербейт. Маселе дайыма башкада: мамлекет бул үстөлгө эмне алып келет?

 

Дүйнө татаалдашты, бирок чакан мамлекеттер үчүн мейкиндик кеңейди

 

Эл аралык система акыркы он жылдыктардагы эң карама-каршылыктуу мезгилдердин бирин баштан кечирүүдө.

Мурдагы коопсуздук архитектурасы көзгө көрүнүп тургандай  чыңалууга дуушар болууда. Конфликттер созулуп баратат. Санкциялар барган сайын саясий тирешүүнүн бир бөлүгүнө айланды. Ири мамлекеттердин ортосундагы атаандаштык күчөп жатат. Эл аралык институттар бир эле учурда туш тараптан сынга кабылууда: бири аларды жетишсиз даражада натыйжалуу дешсе, экинчилери жетишсиз даражада өкүлчүлүктүү эмес, ал эми үчүнчүлөрү өз чечимдеринин аткарылышын камсыз кылууга жөндөмсүз деп эсептешет.

Муну менен бирге көңүл бурбай коюуга мүмкүн болбогон процесс жүрүп жатат: Азия, Африка жана Латин Америка мамлекеттери эл аралык күн тартибин калыптандырууга көбүрөөк катышууну барган сайын өжөрлүк менен талап кылууда.

Дүйнө объективдүү түрдө полицентрдүү (көп уюлдуу) болуп баратат. Кыргызстан үчүн мында белгилүү бир артыкчылык бар. Биз чоң мамлекет эмеспиз жана Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ээ эмеспиз. Бирок эл аралык таасир аскердик же экономикалык кубаттуулук менен гана ченелбейт. Кээде мамлекеттин өз үнүн угузуу жөндөмү глобалдык тирешүүнүн тили менен эмес, практикалык тажрыйбанын тили менен сүйлөй билүүсү аркылуу аныкталат.

Ал эми мындай тажрыйба бүгүнкү күндө Кыргызстанда бар.

Борбор Азия – дүйнөлүк саясаттын объектиси гана болбошу керек

 

Узак убакыт бою Борбор Азия биринчи кезекте башка мамлекеттердин атаандаштык мейкиндиги катары кабыл алынып келген. Орусия, Кытай, АКШ, Европа биримдиги, Түркия, Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери аймакты өздөрүнүн кызыкчылыктарынын, коопсуздугунун, транспорттук коридорлорунун, энергетикасынын жана геосаясатынын призмасы аркылуу карап келишкен.

Бирок Борбордук Азия бара-бара өзгөрүүдө.

Аймак өзүнүн саясий субъекттүүлүгүнө жана салмагына ээ боло баштады. Борбор Азия мамлекеттери сырткы ортомчулук жок эле регионалдык маселелерди өздөрү чечүүдө. Мамлекет ичиндеги жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү чыңдалууда. Аймактын көптөгөн көйгөйлөрүн дал ушул аймактын ичинде чечүү кыйла натыйжалуу экенин түшүнүү калыптанууда.

Айтсак, 2025-жылдын 13-мартында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту. 31-мартта Кожент шаарында ратификациялык грамоталарды алмашуу болду. БУУнун Баш катчысы бул макулдашууну кубаттап, көп жылдык сүйлөшүү процессинин аякташын өзгөчө белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы трагедиялуу окуяларды көргөн, билген адамдар үчүн мунун маанисин картадагы сызыктын юридикалык жактан жөндөлүшүнө гана алып келип такап коюуга мүмкүн эмес. Чек ара маселесинин артында адамдардын өмүрү, чек арага чектеш аймактардын коопсуздугу, жолдорго жана сууга болгон жеткиликтүүлүк, ондогон жылдар бою топтолгон ишенбөөчүлүк турган.

Бул тажрыйба Кыргызстан менен Тажикстандын чегинен тышкары да чоң кызыгууну туудурат. БУУнун Коопсуздук Кеңеши көбүнчө орун алып калган конфликттерди талкуулайт. Ал эми тараптар саясий чечим менен конфликттен чыга алган мындай тажрыйба ал жакка өтө сейрек келет.

Бул — Борбордук Азиянын маанилүү капиталы.

Биздин аймакты карама-каршылыктар таптакыр жок жер катары көрсөтүүнүн кереги жок. Алар бар жана боло берет. Бирок өз алдынча компромисс издөө жана жыйынтык үчүн жоопкерчиликти алуу жөндөмү — саясий жетилгендиктин белгиси.

Кыргызстан Нью-Йоркто бул тууралуу теориялык жактан эмес, иш жүзүндө сүйлөй алат. Биз муну өзүбүз баштан өткөрдүк.

 

Чакан мамлекеттин эгемендиги

 

Эл аралык саясатта чакан мамлекеттер эгемендик маселесине өзгөчө сезимтал келишет. Ири мамлекеттер үчүн тышкы саясий ката таасирдин бир бөлүгүн жоготууну билдириши мүмкүн. Ал эми чакан мамлекет үчүн катанын баасы айрым учурларда бир кыйла жогору. Дал ошондуктан Кыргызстан салттуу түрдө күчтүү эл аралык укукка, БУУнун иштеп жаткан институттарына жана мамлекеттердин жүрүм-турумунун айкын эрежелерине кызыкдар.

Бул санкциялык саясатка да тиешелүү.

Ири экономикалар үчүн санкциялар биринчи кезекте тышкы саясаттын куралы болуп саналат. Ал эми чакан, ачык экономика үчүн анын кесепеттери бир топ конкреттүү: банктык эсептешүүлөр, рынокторго чыгуу, соода, логистика, камсыздандыруу, транзит.

Президенттин 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө санкциялык чаралар БУУнун Уставына негизделиши, кесепеттерине баа берилип турушу жана мониторинг механизми менен коштолушу керектиги тууралуу сунуш камтылган.

Кыргызстан үчүн бул маселе тигил же бул ири мамлекеттин позициясын колдоого гана келип такалбашы керек.

Бул жерде принцип кыйла маанилүү: эл аралык чектөөлөр кагылышууга катышпаган мамлекеттер өздөрү таасир эте албаган чечимдер үчүн пропорционалдуу эмес экономикалык кесепеттерди тартуучу механизмге айланбашы керек. Бул Кыргызстандын гана сөзү эмес. Бул Глобалдык Түштүктүн олуттуу бөлүгүнүн сөзү.

 

БУУну алсыратпай, ыңгайлаштыруу керек

 

Бүгүнкү күндө Бириккен Улуттар Уюмунун кризиси тууралуу сүйлөө модага айланды. Бирок уюмдун кризиси менен эл аралык мамилелердин кризисин бири-биринен айырмалай билүү зарыл.

БУУ улуу мамлекеттердин ортосунда конфликттерди жаратпайт. Ал болгону аларды чагылдырат.

Коопсуздук Кеңеши таптакыр башка эл аралык реалдуулукта түзүлгөн. Анын түзүмү өтө чектелүү гана өзгөргөн, ал эми БУУга мүчө мамлекеттердин саны, экономикалык баланс жана дүйнөнүн саясий картасы түп-тамырынан бери өзгөрдү. Ошондуктан Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлчүлүк маселесине кайрылуу сөзсүз түрдө улана берет.

Африканын туруктуу орду жок. Латын Америкасынын туруктуу орду жок. Адамзаттын гиганттык бөлүгү өзүнүн саясий жана демографиялык салмагы эл аралык коопсуздуктун башкы органын түзүмүндө жетишсиз чагылдырылган деп эсептейт.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине биринчи жолу кирип жаткан чакан мамлекет катары мындай жүйөлөрдү өзгөчө жакшы түшүнүүгө жөндөмдүү. Бирок БУУну реформалоо Уюмдун өзүнө каршы күрөшкө айланып кетпеши керек.

Дүйнөгө кыйла алсыз Коопсуздук Кеңеши эмес, көбүрөөк мамлекеттер ишенген Кеңеш керек.

 

Суу жана тоолор: экологиядан коопсуздукка карай

 

Кыргызстандын өз үнүн угузууга табигый укугу бар дагы бир тема бар. Бул — тоолор, мөңгүлөр жана суу. Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү абстракттуу глобалдык дискуссия эмес.

Биздин мөңгүлөр Кыргызстан гана эмес, бүтүндөй аймак көз каранды болгон суу ресурстарын калыптандырат. Суу Борбордук Азия мамлекеттерин айрым учурда кабыл алынгандан да бир топ бекем байланыштырып турат. Аймактын негизги суу ресурстары калыптанган аймактагы өлкөлөр мөңгүлөрдү, экосистемаларды, тоолуу аймактарды жана суу чогулуучу бассейндерди сактоо боюнча чыгымдарды тартып келишет. Ошондуктан суу булактарын сактоо жергиликтүү экологиялык милдет эмес, узак мөөнөттүү регионалдык коопсуздуктун элементи болуп саналат. Кыргызстан маселени дал ушундай тартипте коюуну сунуштай алат.

Президенттин 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө мындай мамиленин практикалык элементи бар: Кыргызстандын улуттук салымы менен Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фондду түзүү. Бул туура дипломатиялык логика: эл аралык колдоо сурап кайрылуу гана эмес, өз ресурстарын жумшоого даяр экендигин көрсөтүү.

 

Ири мамлекеттердин ортосунда

 

Кыргызстандын алдында сөзсүз түрдө дагы бир татаал суроо пайда болот. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн позициялары бири-бирине карама-каршы келгенде кантип добуш берүү керек?

Бул жерде жөнөкөй жооп жок.

Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан. Бизде Орусия менен терең тарыхый, экономикалык жана гуманитардык байланыштар бар. Кытай өлкөнүн эң маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биз Европа бирилиги, АКШ, Түркия, араб дүйнөсү, Азия мамлекеттери менен мамилелерди өнүктүрүп жатабыз. Кыргызстан бир эле учурда кызматташуунун бир нече регионалдык форматтарына кирет.

Бул көп векторлуулук айрым учурда дайыма күч борборлорунун ортосунда тандоо жасоо зарылдыгы катары кабыл алынат.

Менин пикиримде, маселенин мындай коюлушунун өзү эбак эскирген.

Чакан мамлекет өзүнүн тышкы саясатын чоң мамлекеттердин ортосундагы тандоо аркылуу гана аныктоого милдеттүү эмес.

Анын өзүнүн улуттук кызыкчылыктары, өзүнүн дипломатиялык мектеби жана өзүнүн координаталар системасы болушу керек.

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн башкы сыноосу дал ушул болот.

ªнөктөштөрдү сыйлоо. ªнөктөштөрдү угуу. Бирок чечимдерди суверендуу мамлекет катары кабыл алуу. Кыргызстанга интеллектуалдык дипломатия керек болот Коопсуздук Кеңешиндеги эки жыл абдан бат өтөт.

Кеңештин күн тартиби абдан кенен: Жакынкы Чыгыш, Африка, ядролук куралды жайылтпоо маселелери, терроризм, санкциялык режимдер, тынчтыкты сактоо операциялары, Ооганстан жана ондогон башка багыттар.

Чакан өлкөнүн бир дагы тышкы иштер министерствосу бул маселелердин баары боюнча бирдей терең адистеше албайт.

Ошондуктан Коопсуздук Кеңешине мүчөлүк кесипкөй дипломатиялык кызматты гана эмес, күчтүү эксперттик коштоону да талап кылат. Кыргызстанда дипломаттарды, университеттерди, изилдөө борборлорун жана көз карандысыз эксперттерди байланыштырган тышкы саясий анализдин туруктуу инфраструктурасы пайда болушу керек.

Бул эки жылдык мүчөлүк үчүн гана маанилүү эмес.

өз алдынча тышкы саясат жүргүзгүсү келген мамлекетке эл аралык анализдин өздүк мектеби зарыл. Ансыз өлкө дүйнөгө бөлөк аналитикалык борборлордун көзү менен кароого мажбур болот.

 

Угулууга болгон укук

 

Дипломатиялык иштин ондогон жылдарында мен бир нерсеге кайра-кайра ынандым. Эл аралык мамилелерде күчтүүлөрдү гана сыйлашпайт. Эмнени каалаарын билгендерди, өз кызыкчылыктарын ырааттуу коргой алгандарды жана өз позициясын аргументтей билгендерди сыйлашат.

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине чоң мамлекет катары келе жаткан жок жана өзүн ошондой кылып көрсөтүүгө да аракет кылбашы керек. Бизде башка артыкчылык бар. Биз акыркы үч он жылдыкта өтө татаал трансформацияны баштан өткөргөн аймактын өкүлүбүз.

Биз эгемендиктин баасын билебиз. Чек аралардын баасын билебиз. Коншулар ортосундагы тынчтыктын баасын билебиз. Чакан мамлекеттин экономикасы андан алыс жерде кабыл алынган чечимдердин алдында канчалык аярлуу болорун билебиз. Бүтүндөй бир аймактын келечеги үчүн суунун маанисин билебиз. Жана эң татаал карама-каршылыктарды да акыры сүйлөшүү үстөлүндө чечүүгө туура келерин билебиз.

Мунун баары Кыргызстанга өз үнүнө ээ болууга укук берет.

Бирок добуш берүү укугу менен үндүн бар болушу — бир эле нерсе эмес. 2027-жылдын 1-январында биздин дипломатия үчүн болгону эки жыл гана ачык боло турган мүмкүнчүлүк терезеси ачылат.

Башкы суроо Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинин жыйындарында канча жолу сүйлөгөнүндө же канча документти колдогонунда эмес.

Башкы жыйынтык башка нерсе менен ченелет.

Ушул эки жылдан кийин эл аралык коомчулук: «Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде болду жана анын позициясын ал жакта билишчү» — деп айта алабы? Эгер айта алса, демек, тарыхый мүмкүнчүлүк колдоно алганыбыз болот.

 

Аликбек Жекшенкулов, саясий илимдердин доктору,

профессор, Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар