Башкы беткеМаданиятАскерлерге “Жусуп” көркөм тасмасы көрсөтүлдү

Аскерлерге “Жусуп” көркөм тасмасы көрсөтүлдү

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кызматкерлери үчүн «Жусуп» тарыхый-драмалык көркөм тасмасынын атайын көрсөтүүсү уюштурулду.

Аталган тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана бекемделишине зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана мамлекеттик ишмердигине арналган.

Фильмде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, ошол мезгилдеги маанилүү саясий жана мамлекеттик чечимдер, ошондой эле элдин жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик алган тарыхый инсандардын орду кеңири чагылдырылган.

Тасманы көрүү менен катар иш-чаранын катышуучулары Жусуп Абдрахмановдун тарыхый мурасы, мамлекеттик көз карашы жана мекенчилдик сапаттары тууралуу ой бөлүшүп, жаш муун үчүн анын өмүр жолу чоң тарбиялык мааниге ээ экенин белгилешти.

Көрсөтүүнүн соңунда тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу уюштурулуп, анда фильмдин идеясы, жаралуу тарыхы жана тартуу иштери тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар чыгармачыл топко өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тасманын мазмуну жана тарыхый окуялардын экрандаштырылышы боюнча пикир алмашышты.

Мындай иш-чаралар тарыхый мурасты терең түшүнүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана мекенчилдик сезимди бекемдөөгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар