Башкы беткеДүйнөИлон Маск SpaceXAI компаниясынын атын SpaceXSI деп өзгөртөт

Илон Маск SpaceXAI компаниясынын атын SpaceXSI деп өзгөртөт

SpaceX компаниясынын башкы директору Илон Маск SpaceXAI бөлүмүнүн атын SpaceXSI деп өзгөртүү ниетин билдирди. Буга АКШ президенти Дональд Трамптын «жасалма интеллект» деген терминдин ордуна «суперинтеллект» түшүнүгүн колдонуу сунушу себеп болгон. Бул тууралуу Kazinform Reuters агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Маск бул маалыматты X социалдык тармагында колдонуучунун SpaceXAIнин атын SpaceXSIге өзгөртүү пландалып жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып ырастаган.

«Ооба, бул өзгөртүүнү киргизебиз», — деп жазган Маск.

Бирок маалымат жарыяланган учурда SpaceXAIнин X тармагындагы аккаунтунун аталышы өзгөрө элек болчу. Маск жаңы аталыш качан расмий киргизилери тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, АКШнын документтеринде «жасалма интеллект» деген терминдин ордуна «суперинтеллект» деген аталышты колдонуу керектигин айткан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар