Башкы беткеМаданиятБүгүн «Бишкек Арена» расмий ачылат: иш-чарага 65 миңдей көрүүчү келет

Бүгүн «Бишкек Арена» расмий ачылат: иш-чарага 65 миңдей көрүүчү келет

Бүгүн Бишкектеги «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи өтөт. Муниципалитеттин маалыматында, иш-чарага 65 миңдей көрүүчү келери күтүлүүдө. Ачылыш аземинде масштабдуу шоу-программа тартууланат.

Иш-чараны 170 аккредитациядан өткөн журналист чагылдырат.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миң милиция кызматкери тартылат. Көрүүчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Көрүүчүлөрдү стадионго жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустар каттайт. ИИМ жарандарды жол жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарууга жана коомдук транспортту пайдаланууга чакырды.

Мындан тышкары, бүгүн Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар