А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 85-театрдык сезондун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Театрдын жаңы сезону залкар балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, сезондун ачылышында кыргыз хореографиялык өнөрүнүн бермети болгон М. Раухвергердин «Чолпон» балети тартууланды. Спектаклге театрдын балет артисттери жана симфониялык оркестри катышып, дирижёрлук милдетти Семетей Султанов аткарды.
Салтанаттуу ачылыш аземине мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты.
Башкы ролдорду Мээрим Султакаева, Атабек Садыркулов, Даяна Кыдыралиева, Валерий Разумейко, Фарух Садыркуловдор аткарышты.
Кыргыз хореографиялык өнөрүнүн классикалык чыгармаларынын бири болгон «Чолпон» балети Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында 60 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келет. Спектакль театрдын балет труппасынын чыгармачылык жана кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Балеттин балетмейстер-коюучусу – Кыргыз ССРинин эл артисти Н. Түгөлов, редакциясы – Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты У. Сарбагышев, сүрөтчү-коюучусу – СССРдин эл сүрөтчүсү А. Арефьев.



