Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү өлкөнүн ар кайсы шаарларында жогорку класстын окуучуларын колдоо максатында өткөн нааразылык акцияларына 256 миңдей адам катышты.
Жогорку класстын окуучулары сентябрдын ортосунан бери билим берүү тармагын каржылоону көбөйтүүнү талап кылып, бир катар окуу жайлардын ишин тосуп жатышат.
Министрликтин маалыматына караганда, акциялардын жүрүшүндө өлкө боюнча зордук-зомбулукка байланыштуу 488 адам кармалган. Ошону менен нааразылык акциялары башталгандан берки кармалгандардын жалпы саны 6 547 адамга жетти.
Париж шаарында өткөн акцияларга болжол менен 56 миң адам катышкан.



