13-октябрда Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбетаалиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маадымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарада манасчынын кыргыз маданиятына, анын ичинде “Манас” эпосун даңазалоого кошкон салымы эскерилип, чыгармачылык мурасы тууралуу сөз болот.
Ачылыш аземине маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана коомчулук катышат.
Иш-чаранын башталышы — саат 11:00.
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 251.



