Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы менен жолукту

13-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту.

Жолугушууда бажы тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык стандарттарды киргизүү, бажы жол-жоболорун санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын жаңылоо жана адистерди даярдоо маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралында толук кандуу мүчө болгон. Ошондон бери уюм эл аралык бажы стандарттарын жайылтууга жана улуттук бажы кызматынын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга көмөктөшүп келет.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы бажы тармагындагы реформалар тууралуу маалымат берди. Анын ичинде «Смарт Бажы» улуттук санариптик платформасын өнүктүрүү, электрондук декларациялоону жакшыртуу жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү багытындагы иштерге токтолду.

Өз кезегинде Ян Сондерс Кыргызстандагы реформалардын жыйынтыгына жогору баа берип, Дүйнөлүк бажы уюму өлкөгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз Кыргызстандын бажы жол-жоболорун санариптештирүү жана башкарууну жакшыртуу багытында жетишкен ийгиликтерин көрүп турабыз. Дүйнөлүк бажы уюму Кыргызстанды колдоого жана башка маанилүү багыттар боюнча зарыл жардам көрсөтүүгө толугу менен даяр», — деди ал.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев эл аралык бажы кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ян Сондерске Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар