Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Асад Алам Сиамды кабыл алды. Бангладештик делегация Бишкек шаарына саясий кеңешмелерди өткөрүү үчүн келген.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Министр Кулубаев эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, практикалык өнөктөштүктү тереңдетүү зарылдыгын баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык алакаларды активдештирүүгө жана келишимдик-укуктук базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча активдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.



