15-октябрда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле КМШнын катчылыгынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу, учкучсуз учуучу аппараттарды жана роботтук комплекстерди колдонуу маселелери талкууланды.
Жыйындын соңунда 2026-жылдагы иштин жыйынтыктарын чагылдырган документтерге жана КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 2027-жылга карата иш планына кол коюлду.



