Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Сары Өзөн Чүй Жайыл, Нышаа, Түлөберди, Бишкек, Жаманкара, Жангарач бий, Байтик, Шабдан баатыр сыяктуу кыргыздын чыгаандарын өстүргөн касиеттүү жер экендин белгилеп, Түлөберди баатырды экинчи ирет да бир кайталап, бул тубаса дипломат саясий ишмерге арналган илимий иш–чара өткөрүү зарылдыгын белгилеген эле.
“Кыргыз Туусу” гезити окурмандарга Түлөберди баатыр тууралуу тарыхчынын даректүү макаласын сунуштайт.
Борбордук Азияда бир нече өлкөлөр менен чектешип жаткан азыркы Кыргызстандын чек арасынын калыптанышына бир нечелеген тарыхый окуялар, көптөгөн объективдүү жана субъективдүү жагдайлар (мис., Россия жана Цин империялары) өз таасирин тийгизип келген. Анын ичинен XVIII кылымдын орто ченинде Жуңгар хандыгынын жоюлушу өтө маанилүү этаптардын бири болгон. Мисалы, 1743-жылы Пенза сепилинин секунд-майору К. Миллер калмактардын батыштагы чек ара бекетин Ыргайты суусунун Чүй өзөнүнө куйган жери – Ит-Кечүүдөн көргөн. Ал эми 1748–1749-жылы тилмеч М. Араповго Барак султан менен Төлө бий калмактар Түркстан шаарынан алты-жети күндүк жерде турганын айтышкан. XVIII к. аягында И. Г. Андреев Иле дарыясы кыргыздар менен Кытай мамлекетин бөлгөн сыяктуу, кыргыз менен казактарды (кайсак) бөлүп турган чек ара катары белгилеп кетсе, андан жарым кылым кийин келген А. Янушкевич “…уйсун уруулары батыштан чыгышка карай Иле жана Лепси өзөндөрү – түштүктөн түндүккө карай Кичи (Жуңгар) Ала-Тоо менен Балхаш көлүнүн аралыктарын ээлеп” – Иле өзөнү “кыргыздар” (казактар) менен “кара кыргыздарды” (буруттар) бөлүп турган чек ара экенин өз көзү менен көргөн.
Көп өтпөй Талас-Чүй өрөөнү, анан Иле суусунун батышы калмактардан бошой баштаган. Ошол эле учурда Орус империясынан кысымынан казактын Орто жүз уруулары Улуу жүз урууларынын конуштарына карай жылат. Оозеки маалыматтарда Улуу жүз-уйсун уругунан чапырашты, ышты, сарыуйсун, жаныштан – каскороо, жолсейит, садыр, сыйкымдан – каракойлуу, аккойлуу, ботбай уругу, чанчкулулар Таластын батыш жагына жакындап, Чүй суусунун аягы, Байгара-Жамбыл тоосу аркылуу ушул мезгилде Иле боюнан конуш ала баштаганы айтылат.
Ошол учурда Маматкул, Кошой бийлер башындагы кыргыздар Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Талас өрөөнүнүн баш жагын жердеп турушкан. Бул кабарлар Кытай маалыматтары («Сиюй вэнь цзяньлу», «Сиюй тучжи») жазмаларында белгиленет. Кыргыз бийлеринин кол алдында ондон жыйырма, кээ биринде отузга чейин айыл (амань) болуп, башчылар (тоу) бир-бирине көз карандысыз болгону жана алар жыл сайын баарынын үстүнөн башкарган бир жетекчини, башчыны (чжан) шайлашканын, ошондой башчы (тоу) Мамук кули (Маматкул) экендиги көрсөтүлөт.
Ошентип, Маматкул, Кошойлор кеңешип: “тоо арасында калып калып жүрбөйлү? ªсүп-өнмөй бар, өз конушубузду өзүбүз бошотуп албасак, ким бошотот? Көрүнөө аттаналы. Иледен нары өтпөйлү. Аягы Бетегелүү Койташ, башы Кызыл-Кыя Санташ, ушулардагы калмакты кууп чыгалы. Чүй аягы – Талас, Байгара, Жамбыл – ушул өз конушубузду алалы кудай буюрса” –деген чечимге келишкен.
Аңгыча Орто жүздөн Барак султан 5000дей кол менен келип, кыргыздарга кол салып, жеңилип калган. Көпчүлүк оозеки санжыралар боюнча Эсенгул баатыр башында турган бул уруш азыркы Кочкор өрөөнүндө болгон. Бирок, бул жерлердин аталышындагы уйкаштыктардан кеткен жаңылыштык деп кароого болот. Анткени азыркы Казак республикасына караштуу Чымкент шаары менен Кара-Тоонун ортосунан орун алган кырка тоолор Боролдой, ал тоодон агып чыккан суу да Боролдой, аны оң куймасы Кочкор-Ата деп аталат. Казакча Кошкарата. Мазар бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. 1850-жылы Барак султан Түркстан, Икан шаары тарапта кол жыйнап жатканы архив документтеринде да эскерилет.
Эки элдин ортосунда абал кескин курчуп баратканын көргөн Эсенкул баатыр кабарчы жиберип, аттуу-баштуу бийлерди Капкага чогултуп, кеңеш курушкан. Жыйынтыгында “ата-бабалардан калып, алардын киндик каны тамган конушту коргойлу” деген чечимге келишет. Ошону менен Туума бий башындагы кушчу-саруулар жана Садыр баатыр жетектеген азыраак саяк уруулары (негизинен түнкатар) Талас – Олуя-Ата; Жайыл, Момокон баатырлар башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Атадан Мерке – Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкпайлар Кара-Балта – Ысык-Ата; андан Кеминге чейин Качыке башындагы чекир саяктар; Кеминден Илеге чейин Эсенгул башында турган сарыбагыштар көчүп барышат. Тарыхчы-санжырачылардын эскерүүсүндө Чүйгө көчүп келе жатканда Жамансарттын Эсенаман деген уулу туулат. Бул болжол менен 1756-жылга туура келет.
Ушундай себептерге байланыштуу кыргыз-казак мамилелери кескин курчуп чыгат. Садыр Капканын оозуна чоң коргон салып, өзүн хан атайт. Казакка тынчтык бербей, чаап алып отурат. Андан качкан казактар Талас аягы, Чүй аягы, Иле боюна оойт. Сарыбагыш, солто, чекир саяктар ушул жакка ооп келген казакка аттанып барып, казак аттанып келип, ортодо далай уруш болот. Иледен бери өткөрбөйт. Натыйжада Абылайга барып, арыз болуучулар көбөйөт. Ал, “кыргыз менен ынтымак болуп, ортого киши салып, сүйлөшүп тургула дебедим беле? өзүңөр барып тийесиңер, анан Эсенкул, Садыр баланчаңызды чаап кетти, баланчаңызды өлтүрүп кетти деп, кыргызды күнөөкөр кылып, өзүңөр ак киши болосуңар” деп, адегенде укпай коет. Бул окуялар көптөгөн архив материалдары менен да ырасталат. 1765-жылы Абылай султан кокондуктарга каршы жүрүшкө аттанат, бирок күйөө баласы Бөрү султандын (Баатыр султандын уулу) кокондуктардын колуна түшүп, өзү оор жарадар болуп, Түркстанга жакын Кара-Тоого көчүп келген. 1766-жылы 3-августта кыргыз бийи Каработо ага өз уулун жана 7 түтүн кишисин мал-жаны менен аманатка бергенде, Абылай султан мурун колго түшкөн кыргыздарды кайра кайтарган. 1768-жылы жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар кыргыздарга кол салган. Натыйжада, экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай 1768-жылы күзүндө уулу Валини аманат кылып Пекинге жиберет, бирок Цин өкмөтү жардам берүүдөн баш тарткан.
1771-жылы Абылай султан Орто жүзгө хан болуп шайланып, Улуу жүз казактары кайрадан арызданып, кыргыздардын тынч жатпай, айылдарды чаап, малын айдап кетип жатканын кабарлашат. 1773-жылдын башында Абылай хан Ташкентти алып, андан соң кыргыздарга кол салып, 600дөн ашык кишисин туткундап кеткен. Мындай окуялар 1774-ж. дагы кайталанган. Натыйжада кыргыздын бийлери өз уулдарын аманатка берүүгө аргасыз болот. Алымбектин санжырасы боюнча Эсенкул баатыр менен Кебек бий акылдашып, Түлөбердини баш кылып, солто-сарыбагыштан 4 адам барат. Абылайдын алдына барганда Түлөберди баатыр казак-кыргыздын бир тууган эл экенин, кыргыздын көнө турганын айтып; “кыргыз ичинде оң-сол дейт. Оң ичинде бугу, саяк, солто, сарыбагыш, багыш дейт. Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз ошол Эсенгул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да, ал Эсенгулдун сөзүн угат. Ошол киши баш болуп айтар, Садырга. Садыр көнөөр. Эпке көнбөсө, жообун айтаар кыргыз. Баарыбыздын ханыбыз болдуңуз” деген сөзүн айткан. Түлөбердинин сөзү Абылайга жагып, аны жөн кетирбей, белек-бечкегине кошуп, мурун туткунга түшкөн кыргыздарды бошотуп берген. Элчиликтен ийгиликтүү кайтып келген Түлөберди баатырдын кылган ишине ыраазы болгон Эсенкул баатыр: “Абылайдын сөзүн жактырдым. Садыр тил албай, бейбаштык кылганы ырас. Казактар койсун, казак-кыргыз эсептешээр, моюнга түшсө, көптөп төлөөрбүз. Казак өзү келсе, ошого каяша берели”, -деп Кебек бийди Садырга жиберген. Бирок Садыр баатыр ал сөздү укпай, Жайыл, Момокон, Үсөн, Теке болуп, көп кол менен барып, Чымкенттен берки казакты чаап, Чолоккоргон, Сузак калаасын талап алып кайтат.
Көшөгөнүн Көкжото деген жерди жердеген ботбай уругунун айылын чабат. Бул чабышта ботбайдын Кудайкул тукумунан чыккан Абылайдын кол башчыларынын бири каза болгон. Түлөберди, Бөрүбай барбай, “Садырды качыра туралы” дешсе, Момокон укпай койот. Мындай жагдай 1780-жылдары Абылайдын Олуя-Ата – Түгүшкөн тараптан кыргыздарга кол салышына себеп болгон.
Абылайдын бул чабуулунун себебин орус архив маалыматтары аркылуу тактоого болот. Семипалатинск чейин барып, 1780-жылы 16-июнда Омск чебине кайтып келген тилмеч М. Бекчурин Абылайдын апрель айында (1780) эки миңге жакын казак менен Түркстанда турганын, жанында Абылпеиз султан бар экенин жана Омск чебине кайтып келе жатып, 11-майда Семипалатинск чебинен старшина А. Азаматовго жолукса, ал соода жасап келген казактардан Абылайдын Түркстандан кетип, Ташкенден алты күндүк алыс жерде экенин, анан кыргыздар адетинче уруулук адатын карматып, тоодон түшүп келип, казактардан үч мертебе көп жылкы айдап кеткени тууралуу укканын жазат. Мындай маалыматтар Абылай кыргыздарга катары менен эки жолу (1779-ж. октябрга чейин жана 1780-ж. 11-майдан кийин) чабуул кылышын көрсөтөт.
Акыркысында Абылай колун үч бөлүп, түнкүсүн байкатпай Капкадагы саруу, кытайлар тоскон Садырдын коргонун басып калат. Кыргыз адеп тоону карай качат. Корготу, Карагаты, Чөңөр тараптагы солтолор аттанып, таңкысын казактын колуна кезигип, чабыш башталганда казак качат. Солтолор качкан казактын артынан кууп жөнөйт. Аңгыча Чөңөрдү ашып, саруудан колпочтор келет. Солто кууп, казактын качканын угуп, алардын артынан салышат. Ошондо Абылай өзү баш болгон казактар алардын арт жагынан түшөт. Солто менен колпочтор аларды Талас жактан келе жаткан биздин кол деп ойлойт. Ошентип солто менен колпочтор казактын ортосунда калат. 20 жаштагы Бөрүбай бир аз адамдары менен кутулуп чыгат. “Эрдигинен солто өлдү, эси жогунан куубилек колпоч өлдү” деген ылакап сөз ошондон калган дешет. Кыргыз тарыхында бул уруш “Жайыл кыргыны” деп аталат. Улуу жүздөгү ботбайдын короолош уруусунан Жоогач баатыр Момокон менен дос экен, ошол Жайылдын уулу Итикени жана Момокондун башын сурап алып, экөө аман калат. Садыр уулу экөө, Жайыл, анын уулдары Үсөн, Текелер өлүм жазасына тартылат.
Айрым тарыхчылар бул окуялар тууралуу 1779-жылы жазында Абылай хан 12 миңге жакын кол жыйнап, уулу Садык султанды кытай ханынан жардам суратканы жиберип жатканын көрсөтүшөт. Андан кийин ошол эле жылы октябрда Абылпеиз султанга уулдары – Чынгыз менен Эшимди кошуп, тоолук кыргыздарга аттандырса, алардын жолу болбой, кайтып келген. Ошондуктан Абылай хан өзү баш болуп, көп кол менен кыргыздарга капысынан катуу чабуул жасап, кыргыздардын белгилүү бийлеринин балдарын колго түшүрүп, жакындарына таратып бергенин, бир гана Садык бий өз болуштугу менен баш ийе электигин жазат.
Абылай кайтып кеткенден кийин Үч-Алматыдан келген Эсенкул баатыр калган кыргызды Сокулукка чогултуп, жыйын кылган. Эсенкул, Качыке баатыр, Кебек бий, Туума бий дагы башкалары урушту каалашпайт. Эсенкул баатыр: “мурункусу казактан эле. Азыркысы бизден кетти. Анын жазасын тарттык. Эми бир жыгылсак, конуш эмес, өзүбүз кайда кеткенибиздин дайнын таппай калабыз. Чогулуп туруп кармашсак болот эле, мындай болот белек-болбойт белек? Садыр, Момокон аксымдык кылып, ашынып кетти. Менин оюма көнсөңөр, анча-мынча конуштарга карабай, ушул Абылай көнсө, сүйлөшүү керек” -дейт.
Көпчүлүк макул дегенде Эсенкул баатыр: “Түлөберди бала, бер кел? Отур, сен көргөнсүң Абылайды, акылың жетсе, ишенсең, барып сүйлөш. Жок, ишенбесең баягы тоо арасына көчүп барып, жата берели,” -дейт. Түлөберди: “мени Абылай эчтеке кылбайт, оң-солдон эки адам кошуп бериңиздер, өлгөн, майып болгон, таланган, колго түшкөн биздин солто, менин бир туугандарым, сиздер айпасаңыздар да мен барам, мен көргөн Абылай болсо, издегени конуш”, -дейт. Эсенгул: “Балам Түлөберди, кыргыздын тизгинин колуңа тийгизмек элем, тийгиздим, жаш болсоң да баш болдуң, сени ордун таап сүйлөп, эби менен иш кылат деп отурмун, арбын кеп айтып не кылайын!?”, -деп аттандырат. Ушул барышында чогулган казак бийлеринин алдында айтылган Абылайдын Ыргайтыны (Корготунун Чүй суусуна куйган жери) чек ара кылуу сунушуна жооп кылып: “Мунуңузду айтып барып, башчыларды алып келем, бирок, өз бетимден бир ооз сөз кошом. Сиз, Таластын суусу чек болсун дейсиз, Күйүктүн бели чек болсун, Кичи-Буурул, Чоң-Буурул тоосу чек болуп, аягы туп-туура Түймөкенттен, Таластын суусун кечип, Абылкайырды (Казакстандагы Кара-Тоонун чыгыш тарабындагы жер) басып, Корготуну жээктеп, Түйүшкөнгө келип, Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейин дейсиз. Менин кошоорум, кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз, ошол Чокмордон тартып Илеге чейин барып, Сарытокумдан (Иленин Балхашка куйган оң жээги) токтосун” деген оюн билдирген. Натыйжада Сарытокумдан башкасы кыргыздардын пайдасына чечилген.
Эсенгулдун конушу Үч-Алматы, Сарытокумда болушун кыйыр түрдө орус чиновниги Ю. Балицкий өзүнүн 1873-жылы жарык көргөн “Заметки о кочевом населении в Верненском уезде” деген кыска билдирүүсүндө көрсөтөт. Анда ал “Курттуу суусунан Чынгелди булагына чейинки аймак Тоо-Кум деп аталып, ал жерде “Эсенгулдун дөбөсү” алыстан көрүнүп турат” деп жазат. Бул дөбөнүн казак баатырларынын биринин атынан калышына далил жок. Анткени XVIII кылымдын экинчи жарымы – XIX кылымдын биринчи жарымында тиешелүү оозеки-жазма кабарларда мындай аттуу адам кезикпейт. Кичүү жүз казактардын берч (берш) уругунун ичинде “есенгул” бар. Ал эми Орто жүздөгү наймандарда да “есенгул-садыр” аталган уруу жолугат. Бирок, алардын биринчиси бул тарапка келген эмес, ал эми Ч. Валихановдун 1850-жылдагы маалыматы боюнча экинчиси Аягөз окуругунда турушкан.
Абылай хан кыргыздарга кол салгандан көп узабай, 1780-жылы күзүндө көз жумган. Ал тууралуу башкыр улутундагы тилмеч-тыңчы К. Казанбаев 1781-ж. 17-августта: “Абылай хан бир айдай ооруп жатып, былтыр күзүндө өз ажалы менен көз жуумп, сөөгү Түркстан шаарына коюлду” деген көрсөтмө берет.
Терс суусу азыркы Казак Республикасынын аймагындагы Кара-Тоо жана Боролдой тоолору бириккен капчыгайдан башталып, адегенде түндүктү карай агып, Маймакка жакындаганда кайра түштүктү карай имерилип, Тараз шаарынын жанынан өтөт. Кичи-буурул, Чоң-буурул тоолру Тараз шаарынын батыш жагында, Түйүшкөн ошол шаардан 130 чакырымдай түндүктө. Уландын учугу дегени азыркы Көкчө-Тоонун чыгышы, Чүй суусунун жээгинде жайгашкан Уланбел айылы болушу мүмкүн. Отардан 80 чакырым түндүк-батышта Чокмор темир жол бекети, ага жакын Чокмордун бели бар. Бул жерде айтылып жаткан Чолок-Коргон, Сузак, Көкчө-Тоо, Жамбыл, Байгара, Кулжа-Башы, Чокмордун бели, Сарытокумдар географиялык бир сызыктан орун алган.
Ошентип кыргыз-казак чегин чийип, сызыгын сызган Түлөберди баатыр менен Абылай хан.
Элебай Турганбаев,
тарых илимдеринин кандидаты



