Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында Нурканбек Керимбаевдин «Өлүмдөн кийинки өлүм» новелласындагы адамдын өмүрү, моралдык жоопкерчилиги, энелик сүйүү жана кайдыгерлик тууралуу сөз кылабыз.
Нурканбек Керимбаевдин «Өлүмдөн кийинки өлүм» новелласынын сюжети — адамдагы адамдык касиеттин жоголушу жана өлгөндөн кийин ошол касиет ойгонуп, акылдан азап тартып турушу тууралуу жүрөк титиреткен окуя. Абдан таасирдүү жазылган. Новелланын баш каарманынын кесиби – койчу экени да абдан символикалуу. Кыргызда бир жыл койчу болгон адамдан миң жыл акыл сураба деген кеп бар, демек автор өз каарманынын коомдогу ордун так аныктап кесибин койчу – мал баккандан башка эч нерсени билбеген каарман кылганы туура болгон.
«Өлүмдөн кийинки өлүм» новелласы психологиялык-философиялык тереңдиги жогору, адамдын өмүрү, моралдык жоопкерчилиги, энелик сүйүү жана кайдыгерлик тууралуу жазылган таасирдүү чыгарма болгон. Аңгеменин баш каарманы мал артынан гана чуркап, өзүнүн ички дүйнөсүнө, үй-бүлөсүнө жана жакындарына руханий жактан убакыт бөлбөгөн бир жүргөн бечара. Аны ал бүткүл өмүрүн жашап болуп, качан гана көзү жарык дүйнөнүн жарык-караңгысын билбей калганда гана түшүнүп, өкүнүп отурат.
Новелла «тиричилик менен өлүмдүн ортосундагы чек арада» туруп, каармандын өз өмүрүнө көз жиберүүсү (рефлексия) форматында курулган. Каарман табигый жактан өлүп, бирок сезими, кулагы, эс-акылы тирүү бойдон өлүү абалында калат. Бул ыкма (жазуучулук шартуулук) каарманга сырттагылардын ал жөнүндө айткан чындыгын угууга жана өз каталарын моюнга алууга шарт түзөт.
Чыгарманын ички конфликти – койчунун өкүнүчү, өкүнүчтүн кеч калышы жана тышкы конфликт. Бул эненин сүйүүсү менен айылдагылардын кайдыгерлиги, жубайынын жана досунун ызасы.
Аңгемедеги негизги идея адамдын чыныгы «өлүмү» — анын денесинин көмүлгөнү эмес, тирүүчүлүктө калтырган руханий зары, кайдыгерлиги жана жакындарынын жүрөгүндө калтырган жарасы.
Чыгармадагы эң чоң табылга — эненин образы. Айылдагылардын, жубайынын, досунун, атүгүл өз уулунун жек көрүүсү жана нааразылыгы курчап турган жерде, жалгыз гана карылар үйүнөн качып келген, акылынан айныган эне уулунун тирүү экенин туят жана анын үнүн угат.
Эненин сүйүүсү — бул көзгө көрүнбөгөн, бирок адамдын жан дүйнөсүнө терең таасир эткен күч. Дүйнө аңгеменин башкы каарманынан жүзүн буруп кетсе да, эне гана баласын кечирет жана сактап калууга тырмышат.
Новелланын аталышы эки маанини камтыйт. Биринчиси – табигый өлүмү (диванда уктап жатып каза болушу). Экинчиси – чыныгы өлүмү. Жаны кабырда жатканда жакындарынын кечиргиси келбегенин угуу, уулунун «мен сиздей болбойм» деген сөзү, апасын карылар үйүнө таштаганы үчүн өзүн-өзү жек көрүп, руханий жактан биротоло тып-тыйпыл болуп өлүүсү.
Чыгармада психологизм абдан күчтүү. Койчунун кабыр ичиндеги абалы барган сайын оорлошот. Алгач ал өзүнүн өлгөнүнө ишенбейт жана «тирүүмүн» деп кыйкырып каршылык кылат. Ал өлүү абалында аялынын, досунун, уулунун айыптоолору аркылуу тирүүсүндө мойнуна алгысы келбеген чындыкты угат жана ага аргасыз макул болот.
Ошентип ачуу чындыкты моюнга алат, кара чаар жыланды муунтуп, коркунуч калып, өкүнүч сезими башталат.
Суракчы периштелерди эмес, өз абийиринин сурагын күтүү.
Аңгемеде символизм белгилери ыктуу колдонулган. Эненин «сүт катыктаган чай берейин» дегени — каарманга тирүүсүндө жетишпеген жылуулук менен мээримдин символу.
Кара чаар жылан: Өлүм менен тирүүлүктүн ортосундагы чек арадагы жаман түш сыяктуу, каармандын ичиндеги коркунучту жана табигый рефлекстин акыркы чагылышы.
Сырттагы күн / Көрдүн ичи. Сыртта жаратылыш өз нугунда уланып, таң атып, күн батып жатат, ал эми көр ичинде убакыт токтоп калган. Бул «дүйнө сенсиз деле жашай берет, бирок сен аркаңда эмне калтырдың?» деген суроону коёт.
Чыгарма таасирдүү жазылганы менен, айрым композициялык жана сюжеттик жактан талкуулай турган учурлар бар. Бул соңку жыйынтыктын бир аз ачык же толук иштелбей калышы
Новелла: «Мүрзөдөгү үчүнчү күн. Суракчы периштелер келген жок. Топурак али жылуу…» деген сүйлөм менен аяктайт.
Бул финал идеялык жактан абдан ачык. Бул эң оор сурак — периштелердин сурагы эмес, өз абийириңдин сурагы дегенди туюндурат. Бирок, окурман каармандын тагдыры (ал чындап эле комада жатабы, летаргиялык уйкубу же ажал чындап келдиби) тууралуу логикалык аяктоону күтүп калат. Сюжеттик түзүлүш физиологиялык летаргиялык уйкуну эске салганы менен, мазмуну мистикалык-аллегориялык багытка ооп турат. Ушул эки аралык бир аз бүдөмүк калган.
Жубайынын, капалуу досунун жана уулунун майит башына келип айткан монологдору абдан ачык, түз жана бир аз театрлаштырылган сыяктуу угулат. Турмушта адамдар мүрзө башында же сөөк чыгып жатканда мынчалык ачык өч алуу же айыптоо сөздөрүн сейрек айтышат. Жазуучу каармандын күнөөлөрүн ачуу үчүн каармандардын оозуна түз сөз салып койгон. Эгерде бул деталдар кыйытма, кыймыл-аракет же каармандын өзүнүн эскерүүлөрү аркылуу берилгенде, чыгарма мындан да психологиялык жактан тереңирээк болмок.
Койчу — жалаң гана терс каарман катары ачылып калган сыяктуу: жубайын сабаган, досунун аялына көз арткан, апасын карылар үйүнө таштаган, уулунун жолун тоскон.
Адам баласынын жашоосу жалаң гана жамандыктан турбайт. Койчунун эмне үчүн мындай таш боор болуп калганы (атасынын катаалдыгы гана айтылат) жана анын ичиндеги бир аздап болсо да туура умтулуулары көрсөтүлгөндө, окурман ага карата жек көрүү гана эмес, өкүнүү жана боору ооруу сезимин тең алып кетмек.
Нурканбек Керимбаевдин «Өлүмдөн кийинки өлүм» новелласы —психологиялык драматизмге бай, окурманды ойго салган олуттуу эмгек. Автор тирүүлүктөгү ар бир кадамыбыз, жакындарыбызга болгон мамилебиз, артыбызда кала турган из качандыр бир күнү «өзүбүзгө өкүм болуп кайтып келерин» абдан таасирдүү жана ишенимдүү чагылдырып бере алган. Чыгарма окурманга «бүгүн кеч боло электе жакындарыңды кадырла, кечирим сура жана адам бойдон кал» деген баалуу идеяны тартуулайт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”



