Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда жетишкен натыйжалары үчүн Европа Биримдигинен 6 млн евро өлчөмүндө гранттык колдоо алды. Бул болжол менен 592 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Каражат «Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим» программасынын алкагында бөлүнгөн. Грант өлкө макулдашылган шарттарды аткарып, белгиленген көрсөткүчтөргө жеткенден кийин берилет.
Программа мектептик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, билим берүү системасын өркүндөтүүгө жана окуучулардын заманбап көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Негизги багыттардын катарына STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик жана медиасабаттуулукту жогорулатуу, экологиялык билимди кеңейтүү жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу кирет.
Финансылык колдоо билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүүгө жана жаңылоого жумшалат. Европа Биримдиги менен кызматташуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн адамдык капиталын чыңдоого багытталган.



