Башкы беткеМинистрлер кабинетиДанияр Амангелдиев Нобель сыйлыгынын лауреаты менен жолугушту

Данияр Амангелдиев Нобель сыйлыгынын лауреаты менен жолугушту

16-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, Сингапур улуттук университетинин профессору Константин Новоселов жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда илим жана технология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, алдыңкы технологияларды энергетика, өнөр жай, курулуш жана айыл чарбасына киргизүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жасалма интеллектти өнүктүрүү, маалымат борборлорун түзүү, жаңы материалдарды колдонуу жана чийки затты кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан Сингапур улуттук университети менен кызматташууга, тажрыйба алмашууга, илимий иштеп чыгууларды ишке ашырууга жана адистерди даярдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Константин Новоселов Кыргызстан менен биргелешип иш алып барууга мүмкүн болгон багыттарды атады. Алардын катарында курулушта графенди колдонуу, өнөр жай үчүн жаңы материалдарды иштеп чыгуу жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү бар.

Жолугушууда илимий кадрларды даярдоо маселесине да көңүл бурулду. Новоселов кыргызстандык студенттердин Кытайдагы жана Сингапурдагы жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, Кыргызстандын окумуштуулары менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана алардын чет өлкөлүк лабораторияларда иштөөсүнө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, технологияларды өткөрүп берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстандагы өнөктөштөрдү табууга кызыкдарлык айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Данияр Амангелдиев кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирип, сунушталган демилгелерди тиешелүү мамлекеттик органдардын жана илимий чөйрөнүн катышуусунда мындан ары талкуулоону сунуштады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар