Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда ал социалдык коргоо тармагынын коомдогу ордуна, кызматкерлердин жоопкерчиликтүү эмгегине жана калктын аярлуу катмарын колдоодогу маанилүү миссиясына токтолду.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, социалдык коргоо — адамгерчиликтин, боорукердиктин жана өз ара камкордуктун негизинде калыптанган баалуулук. Бүгүнкү күндө бул тармактын кызматкерлери улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ардагерлерге, балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга колдоо көрсөтүп келишет.

Ал социалдык коргоо тармагында иштөө жөн гана кызматтык милдет эмес, жогорку жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана адамга болгон өзгөчө мамилени талап кылган кесип экенин белгилеп, кызматкерлердин эмгеги терең урматтоого татыктуу экенин айтты.

Ошондой эле социалдык камсыздоо жана пенсиялык системаны өнүктүрүү, жакырчылыкты кыскартуу, калктын аярлуу катмарын колдоо, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана санариптик технологияларды киргизүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында пенсиялардын, жөлөкпулдардын жана эмгек акылардын өлчөмүн жогорулатууга шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Куттуктоодо кесиптик бирликтердин эмгекчилердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу ролу да баса белгиленди. Анын айтымында, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо жана коомдогу туруктуулукту бекемдөөдө кесиптик бирликтердин орду өзгөчө.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы социалдык коргоо системасынын өнүгүшүнө салым кошкон тармактын ардагерлерине ыраазычылык билдирип, алдыда пенсиялык камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, социалдык кызматтарды өркүндөтүү жана ар бир жарандын татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү сыяктуу маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана кесиптик ийгиликтерди каалап, алардын эмгеги элдин ыраазычылыгы менен баалана беришине тилектештигин билдирди.

«Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!» — деп айтылат куттуктоодо.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар