Ош шаарындагы «Достук» айлампасында транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Долбоор жол тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, ири инфраструктуралык долбоор С. Жусуев, Курманжан Датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде ишке ашырылууда.
Курулуш иштеринин алкагында транспорттук жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Мындан тышкары, унаалардын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу максатында айланма жолдор каралган.
Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Жаңы транспорттук түйүн ишке берилгенден кийин шаардагы жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзүлөт деп күтүлүүдө.



