Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев грузин тараптын демилгеси менен Батуми шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышты. Жолугушуунун алкагында саясий диалогго жана аймактык өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле тармактык кызматташуунун келечеги менен артыкчылыктарына арналган эки сессия өткөрүлдү.
Анда тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери саясий байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, энергетика, туризм жана гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө мындай форматтагы жолугушуулар аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча тараптардын позицияларын жакындаштырууга жана биргелешкен иштин практикалык багыттарын аныктоого шарт түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү Азия менен Европанын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө кошумча түрткү бере аларын баса белгиледи.
Кыргыз тарап саясий диалогду өнүктүрүү менен катар конкреттүү тармактардагы практикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Атап айтканда, биргелешкен аракеттерди соода-логистикалык каттамдарды диверсификациялоого, санариптик трансформацияга, инвестицияларды тартууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө багыттоо сунушталды.




