Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Тажикстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды. Тараптар 2025-жылы мамлекет башчыларынын жолугушууларында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жана Өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынган документтер боюнча пикир алышты.
Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагында биргелешкен “Жол картасын” иштеп чыгуу маселесин карашты. Анда аткарылчу иштер, мөөнөттөр жана жооптуу мекемелер так көрсөтүлөрү белгиленди.
Мындан тышкары, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, мал жана балык чарбачылыгы, үрөнчүлүк, өсүмдүк өстүрүү жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Тараптар тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча да макулдашты.



