Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Эмгекти коргоо жөнүндө» жаңы редакциядагы мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жаңы мыйзам жарандардын эмгек ишмердүүлүгү учурунда өмүрүн жана ден соолугун коргоого болгон конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган. Ошондой эле кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн эмгекти коргоо жаатындагы өз ара мамилелеринин укуктук негиздерин аныктайт.
Мыйзамдын негизги максаты — кызматкерлер үчүн коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды алдын алуу жана иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.
Документке мурдагы Эмгек кодексинде каралган, бирок жаңы редакциядагы кодекстен алынып салынган эмгекти коргоо боюнча ченемдер кайрадан киргизилди.
Адистердин айтымында, жаңы мыйзам эмгекти коргоо талаптарынын жана стандарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, өлкөдөгү эмгек коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.



