Башкы беткеКоомСелден жабыркагандарга камсыздандыруу төлөмдөр берилди

Селден жабыркагандарга камсыздандыруу төлөмдөр берилди

Кыргызстандын бир катар аймактарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу кенемтелери төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган камсыздандырылган турак жай ээлерине жалпысынан 3 миллион 517 миң 965 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлгөн.

Кенемте төмөнкү аймактардагы жарандарга берилди:

  • Ош облусу – 200 миң 10 сом;

  • Баткен облусу – 1 миллион 80 миң 123 сом;
  • Манас шаары – 2 миллион 237 миң 832 сом.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, табигый кырсыктардан жабыркаган жарандарды колдоо иштери улантылып, камсыздандыруу төлөмдөрү мыйзамда белгиленген тартипте өз убагында жүргүзүлүүдө.

Адистер турак жайларды алдын ала камсыздандыруу күтүүсүз кырсыктардан келген чыгымдарды азайтууга жардам берерин белгилешет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар