Башкы беткеПрезидентМайлуу-Суу лампа заводун өнүктүрүүгө 1 млд сомдон ашык каражат бөлүнөт

Майлуу-Суу лампа заводун өнүктүрүүгө 1 млд сомдон ашык каражат бөлүнөт

 

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин кайра жандандыруу боюнча иштер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев заводдо өткөн көчмө жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатат.

Жыл башында заводдун кызматкерлеринин эмгек акысы жана жөлөк пулдар боюнча карыздарын жабуу максатында 116,9 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин чечими менен ишкананы кайра ишке киргизүү үчүн 1 миллиард 159 миллион 863 миң сом каралган.

Ошондой эле Президенттин жарлыгынын негизинде “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсына 931,6 миллион сом бөлүү каралып, анын 600 миллион сому буга чейин которулган. Бул каражаттар ишкананын топтолгон карыздарын жабууга жана өндүрүштү калыбына келтирүүгө багытталууда. Учурда заводдун өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо, инженердик тармактарды реконструкциялоо жана аймагында индустриалдык парк түзүү боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Адистердин баамында, лампа заводунун толук кандуу ишке кириши жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жана Жалал-Абад облусунун экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар