Башкы беткеМинистрлер кабинетиАйыл чарба министрлигинин мекемелерине 12 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Айыл чарба министрлигинин мекемелерине 12 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн, 6-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы ведомстволук бөлүмдөргө жана илимий мекемелерге жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 12 жаңы кызматтык автотранспорт Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине, “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемесине, ошондой эле Кыргыз дыйканчылык, мал чарба жана жайыттар, ветеринардык жана ирригация илимий-изилдөө институттарына тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар