Башкы беткеКоомШакиранын концерти Бишкекте аншлаг менен өттү

Шакиранын концерти Бишкекте аншлаг менен өттү

18-октябрд Бишкектеги «Бишкек Арена» стадионунда дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти өттү.

Шоу ырчынын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук сапарынын алкагында уюштурулуп, болжол менен бир жарым саатка созулду. Концертке билеттер алдын ала толугу менен сатылып, арена күйөрмандарга жык толду.

Музыкалык иш-чарага күбө болуу үчүн Бишкекке 33 өлкөдөн күйөрмандар келишти. Алардын арасында Казакстан, Россия, Өзбекстан, АКШ, Франция, Улуу Британия жана башка мамлекеттердин жарандары бар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар