Бишкекте 28-октябрдан тарта турак үйлөргө жана башка имараттарга жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, чечим абанын температурасынын төмөндөшүнө, ошондой эле электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу зарылдыгына байланыштуу кабыл алынды. Мындан тышкары, гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча божомолу эске алынган.
Буга чейин шаар тургундары батирлердин сууктугуна даттанышкан. Ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда балдар үшүп жатканы тууралуу арыздар түшкөн.



