Башкы беткеСаясатШКУ коргоо министрлери өчпөс отко гүл коюу аземине катышты

ШКУ коргоо министрлери өчпөс отко гүл коюу аземине катышты

Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ШКУга мүчө тогуз өлкөнүн коргоо министрлери, ошондой эле Ирандын коргоо министринин орун басары катышты.

Аземдин жүрүшүндө согушта курман болгондордун элесине таазим этилип, гүлчамбарлар коюлду. Маалым болгондой, бүгүн коргоо министрлеринин негизги кеңешмеси Бишкектеги №1 мамлекеттик резиденцияда өтөт. Анда аймактык коопсуздук, аскердик кызматташтык жана биргелешкен аракеттер боюнча бир катар маанилүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар