Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө карата мэриянын алдында муниципалдык кызматтарга жаңы техникаларды тапшыруу аземи өттү.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев 11 даана кызматтык автоунаанын ачкычтарын жана 10 заманбап электровелосипедди тапшырды. Бул техника шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Кызматтык унаалар бир катар муниципалдык түзүмдөргө, анын ичинде шаардык департаменттерге жана ишканаларга бөлүштүрүлдү. Ал эми электровелосипеддер муниципалдык инспекциянын ишин күчөтүү үчүн берилди.
Мэр шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, шаардык кызматтарды заманбап техника менен камсыздоо иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.
Ошондой эле борбор калаада фонтан сезону ачылып, реконструкциядан өткөн мэриянын алдындагы фонтан кайра ишке кирди.


