Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кореяга болгон иш сапарынын алкагында Good Neighbors International эл аралык гуманитардык уюмунун башкы катчысы менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандагы айыл аймактарын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо маселелери талкууланды. Айрыкча чакан соода-логистикалык борборлорду ачуу жана чакан кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча демилгелер каралды.
Уюм өкүлдөрү Баткен облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында ишке ашып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат беришти.
Эрлист Акунбеков мындай демилгелердин маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан калкынын көбү айыл жеринде жашап, негизги киреше булагы айыл чарба тармагы экенин айтты.
Өз кезегинде уюм өкүлдөрү алдыдагы беш жылга кызматташуу планы даярдалып жатканын билдиришти.
Ошондой эле Кыргызстандагы айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантууга кызыкдар экенин белгилешти.
Мындан тышкары, министрлик тарабынан кызматташуунун жаңы багыттары сунушталып, алар суу менен камсыздоо, өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык тармактарын камтыды.


