Кытайдын Гуандун провинциясынын Хуэйчжоу шаарында “Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордук сатып алуулар боюнча презентациясы” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
ТИМдин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жергиликтүү бийлик жана соода палаталары менен биргеликте уюштурулду.
Ага мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөнүн жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон 300гө жакын кытайлык компания катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде “Ала-Тоо Резорт” улуттук тоо кластери долбоору сунушталды.
Бул жолугушуу кыргыз-кытай ишкер байланыштарын чыңдоого, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө өбөлгө түздү.


