Башкы беткеЭкономикаКытайда кыргыз долбоорлоруна кызыккан 300гө жакын компания чогулду

Кытайда кыргыз долбоорлоруна кызыккан 300гө жакын компания чогулду

Кытайдын Гуандун провинциясына караштуу Хуэйчжоу шаарында “Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордук сатып алуулар боюнча презентациясы” аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Хуэйчжоу шаарынын расмий түзүмдөрү жана соода палаталары менен биргеликте уюштурулду.

Ага мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана тармактык ассоциациялардын катышуусунда 300гө жакын кытайлык компаниялар келди. Алар Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле “Ала-Тоо Резорт” улуттук тоо кластери долбоору тааныштырылды.
Белгиленгендей, мындай жолугушуулар кыргыз-кытай ишкердик байланыштарын чыңдоого, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана өлкөнүн инвестициялык потенциалын дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар