Башкы беткеКоомӨКМ эскертет! Тоо жана суу жээктеринде эс алуудан карманып туруңуз

ӨКМ эскертет! Тоо жана суу жээктеринде эс алуудан карманып туруңуз

3-6-май күндөрү тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, андыктан эл майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сакташы керек. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Синоптиктер тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо аба ырайынын өзгөрүшүнө, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен.

Мындан улам ӨКМ калкка коопсуздук жаатында эскертүү жасады.

“Калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат. Мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу сунушталат. Ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөөгө чакырабыз!” — деп айтылган анда.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар