Дональд Трамп АКШ Ормуз кысыгында калып кеткен кемелерди чыгаруу боюнча операция баштай турганын соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бир топ мамлекет Вашингтонго АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан улам кысыкта калып калган кемелерин чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Операцияга эсминецтер, учактар жана 15 миң аскер кызматкери тартылмакчы. Трамп АКШга тоскоолдук жараткандар катаал жооп аларын эскертти.
Ал эми Тегеран АКШнын Ормуз кысыгындагы кыймылга кийлигишүүсү элдешүүнүн шартын бузарын билдирди.


