🇰🇬 Урматтуу кыргызстандыктар!
“Кыргыз Туусу” маалымат басма үйү сиздерди 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилинен куттуктайт!
Баш мыйзамыбыз – мамлекеттүүлүгүбүздүн бекем пайдубалы, жарандардын укугу менен эркиндигинин кепилдиги. Конституция – өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө багыт берген башкы жол көрсөтүүчү документ болуп саналат.
Бул маанилүү күн ар бирибизге мыйзамды урматтоо, биримдикти сактоо жана өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү болуу зарылдыгын эске салат.
Элибизде тынчтык, ынтымак жана өсүп-өнүгүү ар дайым үстөм болсун! Ар бир үй-бүлөгө бакубат жашоо, ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз.
Майрамыңыздар кут болсун!


