Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автобекет комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Комплексте айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар каралган. Ошондой эле жеңил унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар уюштурулат.
Президент объектти кыдырып чыгып, курулуштун сапатына жана колдонулуучу материалдардын талапка жооп беришине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Маалыматка ылайык, автобекет комплексинин курулушу үстүбүздөгү жылдын август айына чейин аяктайт деп күтүлүүдө.


