Башкы беткеКоомМөңгүлөр активдүү эрий баштады

Мөңгүлөр активдүү эрий баштады

Кыргызстандын тоолорундагы изилдөөлөрдөн кийин Панфилов жана Адыгене мөңгүлөрүндө активдүү эрүү процесси башталганы аныкталды. Бул тууралуу гляциолог Гүлбара Оморова билдирди.

Анын айтымында, 7–10-май күндөрү адистер кар катмарын өлчөп, тереңдиги 180 сантиметрге жеткен кар чуңкурун изилдешкен. Жыйынтыгында кардын көлөмү көп экени аныкталып, анын температурасы 0 градуска жакындаганы белгилүү болгон.

Адистин айтымында, кар катмары активдүү эрүү баскычына өтүп, эми эриген суу Ала-Арча дарыясынын бассейнине интенсивдүү түшө баштайт.

Изилдөө учурунда мөңгүдөгү кардын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу кыйла көбөйгөнү байкалган. Айрым жерлерде кардын калыңдыгы 250 сантиметрге жетсе, эң аз көрсөткүч 40 сантиметр болгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кардагы суу запасы өткөн жылга караганда дээрлик эки эсе көп.

Адистердин белгилешинче, бул мезгил айыл чарба тармагы үчүн өзгөчө маанилүү. Суу ресурстарын туура пайдалануу жай мезгилиндеги суу тартыштыгынын коркунучун азайтууга жардам берет.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар