Башкы беткеКоомӨтмөк менен Төө-Ашууда кар жаап жатат

Өтмөк менен Төө-Ашууда кар жаап жатат

Бүгүн, 11-майда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жана Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат.  Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кызматкерлери тарабынан трассаларга инерттик материалдар үзгүлтүксүз себилип, атайын техникалар иш алып барууда. Жолдордун абалы көзөмөлдө.

Учурда эки багыттагы унаа кыймылы ачык болуп, каттам кадимки режимде уланууда.

Мекеме айдоочуларды жол эрежелерин так сактап, унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты кармоого чакырды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар