Австриянын борбору Вена шаарында «Евровидение-2026» эл аралык ыр сынагы расмий түрдө ачылды. Салтка айланган «көк килем» парадына быйыл 35 өлкө катышты.
Бирок сынак талаш-тартышсыз өткөн жок. Израилдин катышуусуна байланыштуу Исландия, Ирландия, Нидерланды, Словения жана Испания сынакты бойкот кылышты. Израилдин катышуусу 2023-жылдан бери талкуу жаратып келет. Бул анын Газада жүргүзгөн аскердик операциясына байланыштуу болуп, эл аралык коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жараткан.
Мурдагы жылдардагы сынактарда да нааразылык акциялары өтүп, Израилдин өкүлдөрүнө күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым артисттер сахнага чыкканда нааразычылык билдирген учурлар катталган.
Быйыл «Евровидение» 70 жылдык мааракесин белгилеп жатканына карабастан, саясий чыңалуу сынактын айланасындагы негизги темалардын бири бойдон калууда.


